БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

01 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-сентябрындагы жыйналышында “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самаев Урматбек Обозбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык У.О. Самаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самаев Урматбек Обозбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү