БШКда Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгын белгилешти, Кыргызстандын тарыхындагы шайлоолор жөнүндө сүрөт көргөзмө уюштурулду
31 августа 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгиледи. БШК имаратынын алдында жана фойеде Кыргызстандын шайлоолорунун тарыхына арналган архивдик сүрөт материалдар жайгаштырылды.
Иш-чарада 30 жылдын ичинде өлкөн менен бирге Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму дагы чоң өзгөрүүлөрдү болуп өткөнү белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана аны шайлоолордо жана референдумдарда ишке ашырат деп аныктайт.
Республиканын жаңы Конституциясында демократиялык эркин шайлоолордун маанилүү принциптери чагылдырылган. Шайлоолор аркылуу шайланма органдар жана жогорку кызмат адамдары легитимдешет, ал эми референдумдарда жалпы элдик добуш берүү менен өлкө тумушунун эң маанилүү маселелери чечилет.
Мамлекеттин милдети – шайлоочулардын эркин добуш берүүсү жана баардык талапкерлер менен партиялардын шайлоого тең катышуусу үчүн бүт зарыл шарттарды түзүү.
Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында бурмалоолордун жана башка одоно бузуулардын кесепетинен шайлоолор коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна себеп болгон учурлар аз эмес.
Жарандардын колдоосу аркасында мамлекет ырааттуу ишке ашырган шайлоо укугунун жана процессинин реформаларынын натыйжасында бүгүнкү этапта добуш берүүнүн натыйжаларынын аныктыгына жетишүүгө, заманбап санариптик технологиялардын жардамы менен бурмалоолорго ишенимдүү бөгөт коюуга жана атаандаш эркин шайлоо өткөрүүгө пайдубал түзүүгө мүмкүн болду.
Бирок маанилүү болсо дагы, жолдун бир бөлүгүн гана басып өттүк. Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын, жарандык коомдун, ЖМКнын биргелешкен күч-аракеттери менен алдыда шайлоонун саясий жана укук маданиятын мындан ары арттыруу, шайлоодо бузууларга каршы аракеттенүүнүн натыжалуулугун жогорулатуу жана мыйзамдуулукту чыңдоо, жарандардын баардык категорияларынын шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу милдеттери турат.
КР БШКнын биринчи төрагасы (1989-1995-жылдары) Маркил Ибраев кесиптештерин куттуктоо үчүн келди. Ал 1989-жылы туруктуу негизде иштөөчү биринчи Борбордук шайлоо комиссиясы түзүлгөндүгү тууралуу айтып берди. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин комиссия көп милдеттерди аткарды: 1990-жылы Кыргыз ССРинин биринчи президенти шайланды; 1991-жылы Кыргыз Республикасынын алгачкы президенти шайланды. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынды. Ал эми 1995-жылы биринчи чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын кош палаталуу парламентти шайлоо өттү.
Н. Шайлдабекова Кыргызстандын биринчи чакырылыштагы БШКнын ишинин башталышы менен шайлоо тутумунун демократиялык руху түптөлгөнүн белгиледи, анткени биринчи БШК Кыргызстандын парламентин шайлоону алгач ирет альтернативалуу негизде өткөргөн. Шайлоо тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Маркил Ибраев БШКнын чечими боюнча БШКнын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Шайлоо тутумун реформалоого, шайлоолорду өткөрүүнү даярдоого кошкон салымдары үчүн аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын бир катар мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана көз карандысыз эксперттерге Ардак грамоталар салтанаттуу кырдаалда тапшырылды.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө БШКнын грамоталарын тапшыруу учурунда БШК төрагасы 2020-жылы өткөн шайлоодо одоно бузууларга натыйжалуу бөгөт коюлбагандыгын белгиледи. Андан кийинки бир катар шайлолордун убагында укук коргоо органдары бузууларга каршы аракеттенүү боюнча чаралардын комплекин иштеп чыгууга жетишти. Эрк болуп, бузууларга чара көрүү кыйла ыкчам жана кесипкөй мүнөздө болуп калды. Жыйынтыктуулук жана натыйжалуулук жөнүндө сөз кылсак, бул багытта дагы иш жүргүзүү керек. Бирок июлдагы кайталап шайлоодо бир нече иш сотко жөнөтүлүп, бир катар талапкерлер жана партиялар жоопкерчиликке тартылышты. Алдыдагы шайлоодо ыкчам чара көрүү координациялык топторунун алкагында укук коргоо органдары комиссиялар менен биргеликте алда канча эриш-аркак жана натыйжалуу иштеши керек.
Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу убагында БШК төрагасы шайлоону уюштурууда комиссия мүчөлөрүнүн бүткүл өлкө боюнча 30 миңден ашык адамдан турган командасы ишке тартылганын белгиледи. Комиссиялардын тутумунда өз озуйпаларын жоопкерчиликтүү, ак ниет аткарган сыйлыкка татыктуу адамдар абдан көп, алар региондордо белгиленет. Төрага алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо комиссиялардын мүчөлөрү өлкөнүн бирдиктүү командасы катары мыйзамдын негизинде жана калыс иштеп, жарандардын укуктарын камсыздай тургандыгына ишенич бар экендигин айтты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү




