КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

30 августа 2021

 

КР БШК 2021-жылы 30-августта жыйналышында Каракол, Кочкор, Токтогул жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин карап чыгып, бекитти.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Бапаев Чингиз Арстанбековичтин  (№1, “Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Казакбаев Нурлан Туратбековичке (№13, “Бирге-Вместе” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылдык кеңешинин депутаты Сыргак уулу Азиздин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Орозобек уулу Уланбекке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Э. Аралбаев айылдык кеңешинин депутаты Дүйшеев Зайырбек Сыязбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Момунтай” дыйкан чарбасынын мүчөсү Сагынбаев Рамис Алымбековичке өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин депутаты Кыдыралиев Дамир Көчкөновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Түндүк электр”  ААКтын жетектөөчү адиси Бектемирова Мээрим Туратбековнага өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү