КР БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти

30 августа 2021

2021-жылы 30-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 26-августта өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти.

Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн 1 талапкер – Жунушалиев Айбек Жанышбекович катталган. Добуш берүүгө Бишкек шаардык кеңешинин

баардык 45 депутаты катышты, А.Ж. Жунушалиев 43 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.

Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Ош шаардык кеңешинин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн 1 талапкер – Мамбетов Алмаз Ишенбекович катталган. Добуш берүүгө Ош шаардык кеңешинин баардык 45 депутаты катышты, А.Ж. Жунушалиев 43 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын мэри болуп шайланды.

Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Самаев Урматбек Обозбекович, азчылык коалициясы көрсөткөн Кубатбек уулу Азат катталган. Добуш берүүгө Токмок шаардык кеңешинин 31 депутатынын 30 депутаты катышты, У. О. Самаев – 19 добуш, Кубатбек уулу А. 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Самаев Урматбек Обозбекович Токмок шаарынын мэри болуп шайланды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү