Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдык урматына КР БШК бир нече адамдарды Ардак грамота менен сыйлайт
29 августа 2021
2021-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо тутумун реформалоого, шайлоолорду өткөрүүнү даярдоого кошкон салымдары үчүн аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын бир катар мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди КР БШКнын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
