КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыр

29 августа 2021

2021-жылдын 29-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларды бекитти.

Аталган конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу төмөнкү жоболор ага ылайык келтирилип, өзгөртүүлөр киргизилди:

- "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу" 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу" 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 28-июлундагы №93 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 28-июлундагы №94 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы №112 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- "Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу" 2020-жылдын 11 -февралындагы №40 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- "Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ” Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 11-февралындагы №38 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы №114 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Мындан тышкары, КР БШК “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерди кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө” Жобону бекитти. Ошондой эле ушул токтом менен каттоо үчүн талапкерлер жана саясий партиялар берүүчү документтердин формалары жана тизмеги бекитилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү