БШК менен облустук медиа борборлор шайлоо алдындагы үгүттүн тариздерин талкуулашты

23 августа 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында Медиа мектеп таризинде онлайн жолугушуулардын сериясын баштады.

Ал Медиа мектеп жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнө, блогерлерге, биринчи кезекте жаштардын арасынан жарандык коомдун өкүлдөрүнө багытталган.

Жолугушууларда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ж.б. ченемдик укуктук актыларга ылайык жаңы шайлоо тутуму боюнча маселелер, шайлоо процессинин алкагында ЖМКларды аккредиттөө, маалымдоо, үгүт эрежелери маселелери чагылдырылат. Катышуучуларга шайлоо процессинин этаптарынын кезектүүлүгүнө ылайык маалымат берилет.

Актуалдуу шайлоо маселелерин чагылдыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана кызматкерлерин, шайлоо процесси жана мыйзамдары, медиа, фактчекинг ж.б. чөйрөлөрүндөгү көз карандысыз эксперттерди тартуу мерчемделүүдө.

Бүгүн – 26-августта КР БШК төрагасынын кеңешчиси Айнура Темирбекованын, медиа эксперттердин жана облустук медиа борборлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн биринчи жолугушууда алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүндүрмө берилди.

Катышуучулар аралаш шайлоо тутумунун алкагында маалымдоо эрежелерин жана тариздерин, партиялык тизме боюнча жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлерге обо убактысын берүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Мыйзамдарга ылайык талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телерадио берүүлөрдү жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилүүчү обо убактысына укуктуу. Ошондой эле уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган ЖМКлар жана интернет-басылмалары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка ЖМКларга салыштырганда жеңилдиктери бар ЖМКлар жана интернет-басылмалары талапкерлерге, саясий партияларга талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген материалдар үчүн тең шарттарда А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес акысыз басылма же тиешелүүлүгүнө жараша электрондук аянтын бөлүп берүүгө тийиш.

Онлайн жолугушуу алкагында биринчи кезекте мажоритардык тутум боюнча көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн обо убактысын жана басылма аянтын берүү тариздерин талкуу уюштурулду.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү