БШК Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти
20 августа 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-августундагы жыйналышында 2021-жылы 16-августта болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-августундагы протоколдорун бекитти.
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн 1 талапкер – Дүйшөнбек уулу Амантур катталган.
Добуш берүүгө Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 депутаты катышкан. А. Дүйшөнбек уулу 9 добуш алган, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилген.
Шайлоонун натыйжасы тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-августундагы протоколу менен Дүйшөнбек уулу Амантур Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп аныкталган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
