КР БШК менен Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун долбоорун КР БШК жактырды
17 августа 2021
КР БШК 2021-жылы 17-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары –БШК) Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды
2021-жылы 28-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тартибин пропорциялык тутумдан аралаш тутумга төмөнкүдөй өзгөртүү каралган: 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат, 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунда талапкерлердин ачык тизмелери менен пропорциялык тутум боюнча шайланат.
Алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону программалык-техникалык жактан камсыздоо максатында БШК Маалыматтык шайлоо тутумунун модулун өркүндөтүү үчүн каржылоо булагын аныктоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүздү.
Атап айтканда, жогоруда белгиленген милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн КР БШК менен Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюу аркылуу Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен келишимге жетишилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү