Бишкек АШК Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн документтерди кабыл алды

17 августа 2021

2021-жылы 17-августта Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкер катары каттоо үчүн Жунушалиев Айбек Жанышбековичтин документтери Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы А.Ж. Жунушалиевди көрсөткөн субъектилер болуп саналат.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү