КР БШКнын 2021-жылдын 17-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

17 августа 2021

                                                                                               Өткөрүү датасы: 17 август 2021-ж.

                                                                                               Убактысы: 17: 00

                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токтогул, Аламүдүн, Жайыл, Кадамжай жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

  (баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууну ишке ашыруунун Эрежелери жөнүндө

(баядамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин ѳкүлчүлүгүнүн ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жѳнүндѳ меморандумдун долбоорун жактыруу жѳнүндѳ

(баядамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

5. Ар түрдүү маселелер