Акак Айболотова Токмок АШК төрагалыгына шайланды
12 августа 2021
2021-жылы 12-августта Токмок аймактык шайлоо комиссиясы биринчи жыйналышын өткөрдү.
Токмок АШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында (6 добуш) Айболотова Акак Айболотовна – төрага, Ишеналиева Минара Курманбековна – катчы болуп шайланды. Биринчи жыйналышка Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 8 мүчөсү катышты.
Мурда, 2021-жылы 10-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок АШКнын жаңы курамын түзгөн. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык тийиштүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышы, эгерде анда тийиштүү шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, укук ченемдүү болуп саналат. Биринчи жыйналышты тийиштүү шайлоо комиссиясынын курагы улуу мүчөсү ачат жана алып барат, шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүгө катышкан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер аймактык шайлоо комиссиясынын шайланган төагасы деп эсептелет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

