Токмок шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү

09 августа 2021

 

2021-жылы 11-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин  2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгы менен дайындалган Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-июлундагы № 637 токтому менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылып, Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-августундагы № 157 чечими менен Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттары катталып, аларга күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилер берилген.

2021-жылдын 9-августунда Токмок шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. Биринчи сессияга Токмок шаардык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты. Сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат Ложаров С. Д. ачты.

Токмок шаардык кеңешинин төрагалыгына эки талапкер көрсөтүлдү (Иманалиев М. С. жана Сансызбаев Т. М.). Депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк (18) добуш алып,  Сансызбаев Т. М. Токмок шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Маалымат үчүн:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер, шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык  шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.

Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү