Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
30 июля 2021
КР БШК 2021-жылы 30-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап, бекитти.
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Досатов Дастанбек Мамасыдыкович, Тагаева Райкан Тайкараевна катталган. Добуш берүүгө Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышкан. Досатов Д. – 11 добуш, Тагаева Р. – 10 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Досатов Дастанбек Мамасыдыкович Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
