Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

16 июля 2021

КР БШК 2021-жылы 16-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы №559 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап, бекитти.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Мусаев Саипжан Маматибраимович катталган. Добуш берүүгө Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 13 депутаты катышкан. Мусаев С. М. 11 добуш алган, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мусаев Саипжан Маматибраимович Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү