Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
13 июля 2021
2021-жылы 13-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында 2021-жылы 7-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.
Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Бирдик айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кадырманова Анар Алтымышевна жана Кыргыялиева Кулжакан Кыдырмаевна катталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу менен добуш берүүгө Бирдик айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышканы, Кыдырманова А.А. – 7 добуш, Кыргыялиева К.К. – 4 добуш алганы, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилгени белгиленген.
Кайталап шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен Кадырманова Анар Алтымышевна Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
