БШК мүчөлөрү КМШ Миссиясынын 2021-жылы 11-июлда өткөн Молдова Парламентинин депутаттарын кезексиз шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн алдын ала натыйжалары менен тааныштыруусуна катышты

13 июля 2021

2021-жылы 12-июлда БШК мүчөлөрү И.Гайпкулов жана А.Жумалиева КМШ Миссиясынын 2021-жылы 11-июлда өткөн Молдова Республикасынын Парламентинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнүн алдын ала корутундусу менен тааныштыруусуна катышты.

Молдова Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-апрелдеги Жарлыгы менен онунчу чакырылыштагы Парламент таркатылган жана жаңы Парламентти шайлоо дайындалган. Молдованын Шайлоо кодексине ылайык Парламент таркатылгандан кийин 60 күндөн эрте эмес жана 3 айдан кечиктирилбестен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Шайлоо мезгили добуш берүү күнүнө чейин 60 күн мурда 2021-жылы 5-майда башталды.

Молдова Республикасынын Шайлоо кодекси шайлоонун эл аралык демократиялык стандарттарына жооп берген, шайлоо укуктарын коргоо жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүүнүн механизмдери бар, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, жалпы жана тең шайлоо укугунун, жашыруун добуш берүүнүн негизинде көз карандысыз шайлоо органдары тарабынан шайлоону уюштуруу жөнүндө жоболорду камтыйт.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары – БШК), 37 округдук шайлоо кеңештери жана 2 150 участкалык шайлоо бюросу, анын ичинде 150 участкалык шайлоо бюросу камсыздады.

Молдованын шайлоочуларынын Мамлекеттик регистрине добуш берүү укугу менен 3 млн. 282 миң 837 жаран киргизилген.

Парламенттин 101 депутаты 4 жылдык мөөнөткө аралаш тутум боюнча — 50 депутат партиялык тизме боюнча, 51и — өзүнчө шайлоо округдарында шайланат. Парламенттеги көпчүлүк өкмөттү түзөт.

Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосу төмөнкүдөй: саясий партиялар үчүн — 5%, эки же андан ашык партиялардан турган шайлоо блоктору үчүн — 7%, көз карандысыз талапкерлер үчүн — 2%.

Партиялардын талапкерлерин каттоо үчүн коомдук-саясий уюмдар, шайлоо блоктору 51 адамдан кем эмес, 103 адамдан ашык эмес талапкерлердин тизмелерин берүүгө тийиш. Парламентке шайлоодо талапкерлердин тизмелери эки жыныстагы адамдар үчүн 40%дык квотаны сактоо менен түзүлөт.

Парламенттин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 2021-жылы 12-майда башталып, 2021-жылы 11-июнда аяктады. Молдовада расмий түрдө катталган 53 саясий партиядан шайлоого бардыгы 23 субъект катышты, анын ичинде 20 саясий партия, 2 шайлоо блогу (ар бири 2 саясий партиядан түзүлгөн) жана 1 көз карандысыз талапкер катышты.

Атаандаштар 2021-жылдын 26-июнуна чейин каттоо жөнүндө чечим менен бекитилген сандын чегинде гана талапкерлердин тизмелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сураганга укуктуу болушту.

Молдова Республикасынын Парламентиндеги 101 депутаттык мандатка 1791 адам талапкер болду, анын ичинде 956 эркек жана 837 аял. Шайлоо өнөктүгү ар бир субъект үчүн Молдова БШКсында катталгандан тартып башталат.

Үгүт өнөктүгү саясий атаандаштардын курч атаандаштыгы менен өттү. Шайлоону уюштуруучулар тарабынан көрүлгөн чаралар шайлоодогу атаандаштарга үгүттү эркин жүргүзүү үчүн тең шарттарды камсыздады.

Молдова БШКсы, мамлекеттик бийлик органдары, ЖМК өтүп жаткан шайлоо өнөктүгү жөнүндө ЖМК жана Интернет түйүнүндөгү маалыматтык ресурстар аркылуу өлкөнүн калкына кеңири маалымдады. Шайлоочулар шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөттөрү, этаптары жана жүрүшү жөнүндө өз убагында жана ар тараптуу кабардар болуп турду.

Молдова БШКсы 2 442 байкоочуну, анын ичинде 1 800 улуттук, 642 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.

2021-жылы 11-июлда добуш берүү күнү КМШ Миссиясынын өкүлдөрү республиканын региондорундагы жана Кишинев шарындагы, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү 452 шайлоо участогунда болду. КМШдан барган байкоочулар участкалык шайлоо бюролорунун кесипкөйлүгүн, ошондой эле жабдыктар менен камсыздалганын жана добуш берүү үчүн жайлардын талаптагыдай жабдылганын белгилешти. Шайлоо участкаларында COVID-19дун жайылышын болтурбай коюу боюнча зарыл чаралар көрүлгөн.

Добуш берүү жана добуштарды саноо Молдованын Шайлоо кодексинин жол-жоболорун сактоо менен тынч кырдаалда өттү.

КМШдан барган байкоочулар шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү бузууларды көрө алган жок.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү