БШК делегациясы Молдова Парламентинин депутаттарын кезексиз шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты
12 июля 2021
БШК мүчөлөрү И.Гайпкулов жана А.Жумалиева 2021-жылы 11-июлда өткөн Молдова Парламентинин депутаттарын кезексиз шайлоого КМШ Миссиясынын курамында эл аралык байкоочу катары катышты.
Молдова БШКнын маалыматы боюнча бюллетендердин 99,58 %ын иштеп чыккандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча “Аракет жана тилектештик партиясы” (АТП) парламентке шайлоодо шайлоочулардын добуштарынын 52,53 %ын алды. 2-орунда – 27,36 % натыйжа менен коммунисттер менен социалисттердин шайлоо блогу. Алардан башка шайлоочулардын 5,78 % добуштарын алган «Шор» региондук партиясы шайлоо босогосунан өттү.
Мыйзам чыгаруучу жогорку органга өтүү үчүн партия 5%дык, шайлоо блоктору 7%дык, көз карандысыз партиялар 2%дык тоскоолдуктан өтүүгө тийиш.
Молдова БШКнын төрагасы Дорин Чимил участкалар жабылгандан кийин өткөрүлгөн брифингде мөөнөтүнөн мурда парламентке шайлоо олуттуу бузууларсыз өткөнүн белгиледи. «Шайлоо кадыресе режимде, добуш берүүнүн натыйжаларына таасир этпей турган олуттуу бузууларсыз өттү», - деди ал.
Бюллетендерди иштеп чыгуу азырынча расмий аяктай элек, бирок алдын ала маалыматтар боюнча АТП парламенттеги 101 мандаттын 60-61ин алып, өкмөттү өз алдынча түзүшү мүмкүн. Бул парламентке өтүү үчүн 5%дык тоскоолдуктан өтпөгөн партиялардын добуштарын пропорциялык негизде кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен ишке ашырылат.
Өлкөнүн Конституциялык соту добуш берүүнүн жыйынтыктарын бекитүүгө тийиш.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
