Кайталап шайлоодо жаштарды жигердүү добуш берүүгө чакырууда
11 июля 2021
КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо жигердүүрөөк катышууга чакыруу менен Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жаштарына кайрылды:
“Тизме боюнча ар бир экинчи шайлоочу 40 жаштан кичүү, ар бир үчүнчү шайлоочу 18 жаштан 30 жашка чейинки адамдар. Бул келечектеги депутаттарды тандоодо жаштардын реалдуу ролун жана мүмкүнчүлүгүн күбөлөндүрөт.
Жаштарды жарандык позициясын көрсөтүп, үч шаарда татыктуу депутаттарды тандоого чакырам”.
Маалымат үчүн:
Жаштар Кыргызстандын шайлоо процессинде чоң роль ойнойт: Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайталап шайлоодо шайлоочулардын тизмесинде 617 517 шайлоочу бар.
Жаштардын жаш депутаттарды шайлоого баардык мүмкүнчүлүктөрү бар, себеби партиялардын көп тизмелеринде 30 жашка чейинки жаш талапкерлердин саны бир кыйла көбөйдү.
КР БШКнын маалыматы боюнча Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо депутаттыкка 32 саясий партиядан 2 292 талапкер катталган.
Алардын 533 талапкери же 44,8%ын – 30 жашка чейинки талапкерлер түзөт, ал эми 40 жашка чейинки талапкерлер менен бирге – 64%дан ашык же 1 468 адам.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

