Саат 18.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 25,22%ды түздү

11 июля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 18.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт.

Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 155 707 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 25,22%ын түздү.

Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй:

Бишкек шаары боюнча – 85 411 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 20,02%ы.

Ош шаары боюнча – 56 610 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 37,07%ы.

Токмок шаары боюнча – 13 686 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 35,92%ы.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү