Үч шаардагы кайталап шайлоодогу шайлоочулардын тизмесинде 7 165 майып жаран бар
11 июля 2021
КР БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын туруктуу негизде түзүп турат, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын (ДМЧШ) иш жүзүндөгү санын эсепке алат.
Учурда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында муктаждык картасына ылайык Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында ДМЧАлардын жалпы саны 7 165 жаранды түздү.
Ал муктаждык карталары социалдык таксини уюштуруу, ыктыярчыларды, сурдокотормочуларды ишке тартуу, чакыруу нукумасын орнотуу ж.б. жолу менен ДМЧШлардын жашаган жеринен добуш берүүчү жайларга чейинки кыймыл каттамдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чара көрүү үчүн ЖӨБОлорго жана мамлекеттик органдардын аймактык башкармалыктарына өткөрүп берилет.
Добуш берүү күнү УШКлардын пандустар менен камсыздалуусу 78%ды түзөт:
Бишкек шаары боюнча – 228 УШКнын 181 участогунда пандустар орнотулган, 9 участок пандуска мутаж эмес.
Ош шаары боюнча – 78 УШКнын 56 участогунда пандустар орнотулган, 5 участок пандуска мутаж эмес.
Токмок шаары боюнча – 20 УШКнын 17синде пандустар орнотулган.
Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү үчүн столдор, добуш берүүчү кабиналар жана урналар, ошондой эле маалыматтык такталар коляска пайдалануучу же өз алдынча кыйынчылык менен кыймылдаган шайлоочуларга жеткиликтүүлүк камсыздалгандай жайгаштырылышы керек (бийиктиги, туурасы, жайгашуусунун узатасы жана орду боюнча).
Баардык УШКларда чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа) жана/же Брайль трафарети бар.
Талапкерлер, саясий партиялар карата жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес саны ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн арттыруу боюнча тутумдуу саясатты ишке ашырууда.
КР БШК маалымат бөлүмү

