Саат 14.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 17,06%ды түздү

11 июля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 14.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт.

Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 105 362 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 17,06%ын түздү.

Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй:

Бишкек шаары боюнча – 55 515 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 13,01%ы.

Ош шаары боюнча – 40 695 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 26,65%ы.

Токмок шаары боюнча – 9 152 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 24,02%ы.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү