Кайталап шайлоону даярдоо мезгилинде Ош АШКга 22 арыз түштү

11 июля 2021

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) маалыматы боюнча  шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо мезгилинде Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна шайлоо процессинин катышуучуларынан 22 кайрылуу түштү.

  • Шайлоо өнөктүгүнүн шарттарын бузгандык жөнүндө маалымат – 3;
  • Добуштарды сатып алуу жөнүндө маалымат – 16;
  • Администрациялык ресурсту кыянат пацдалануу жөнүндө маалымат 3.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринеЖБР) 9 кайрылуу катталган. Маалымат болбогондугуна байланыштуу 1 иш токтотулгун, 6 иш боюнча тергөө жүрүүдө. Башка эки учур боюнча кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу сотко чейинки тергөө убактылуу токтотулуп турат, материалдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кароо үчүн АШКга өткөрүлдү.

Маалыматтардын электрондук реестрине 13 билдирүү катталган. Атап айтканда, 1 материал текшерилди, 8 материал АШКга өткөрүлдү, 4  материал номенклатуралык ишке тиркелди, ал эми прокуратура чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерди.

 Ош аймактык шайлоо комиссиясы 50 миң сом суммасына 4 жаранга айып пул салды, анын ичинде эки жаранга талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат тараткандыгы үчүн, бир жаранга шайлоо өнөктүгүнүн шарттарын бузгандык, талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкерлик беделин шылдыңдагандык, ЖМКга маалымат тараткандык үчүн айып пул салды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү