Үч шаарда кайталап шайлоодо добуш берүүгө келүү апрелдеги добуш берүүгө келүүдөн ашууда
11 июля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 10.00гө карата добуш берүүгө келүүсү ушул эле шаарлардагы 2021-жылдын апрелиндеги шайлоого шайлоочулардын бул убакытка карата добуш берүүгө келүүдөн ашты.
Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 8 808 шайлоочуга же шайлоочулардын жалпы санынан 1,37%га көп.
Шаарлар боюнча шайлоочулардын жигердүүлүгү төмөнкүдөй:
Бишкек шаары боюнча – 4 649 шайлоочуга же 1,04%га көп.
Ош шаары боюнча – 2 829 шайлоочуга же 1,84%га көп.
Токмок шаары боюнча – 1 267 шайлоочуга же 3,39%га көп.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
