Жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин баардык катышуучуларын санитардык-эпидемиологиялык ченемдер катуу сактоону өтүнөт

Жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин баардык катышуучуларын санитардык-эпидемиологиялык ченемдер катуу сактоону өтүнөт

11 июля 2021

Жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин баардык катышуучуларын санитардык-эпидемиологиялык ченемдер катуу сактоону өтүнөт

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты.

Бекитилген алгоритмге ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары:

  • добуш берүү үчүн орун-жайды нымдуу чүпүрөк менен кылдат жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзөт;
  • добуш берүү үчүн орун-жайга кире бериште дезинфекциялык эритме менен нымдалган килемче жайгаштырат;
  • добуш берүү күнү шайлоо участогуна кире бериште контактысыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү жүргүзөт

Добуш берүү күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери шайлоо участогуна кире бериштин алдында жана УШК орун-жайынын ичинде шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын 1,5-2 м. кем эмес аралыкты сактоолоруна көмөктөшөт, ошондой эле шайлоо участогунун аймагында коомдук тартипти камсыздайт.

Шайлоо участкаларына келгенде Сизге жеке коргонуу каражаттары –кол кап жана бет кап берилет.

Маанилүү: Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын саламаттыгын коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми шайлоо процессинин баардык катышуучуларын шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан кыйшаюусуз сакталууга тийиш!

 

ЦИК просит соблюдать санитарно-эпидемиологические нормы