Жогорку Сот: «Эмгек» партиясынан талапкер Батырбек уулу Арнурдун Токмок шаарында кайталап шайлоого катышуусуна жол берилбейт

10 июля 2021

Бүгүн Жогорку Сот «Эмгек» партиясынан талапкер Батырбек уулу Арнурдун Токмокто кайталап шайлоого катышуусуна жол бербөө маселесине чекит койду.

Мурда Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20- июндагы чечими менен жарандарды жапырт каттоо боюнча бузууларга тиешеси бар болгондугуна байланыштуу Батырбек уулу Арнурга Токмок шаардык кеңештин депутаттыгына «Эмгек» партиясынан талапкер катары каттоодон баш тартылган.

Талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына даттанганда Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын аталган чечими күчүндө калтырылган.

Токмок шаарында шайлоочуларды каттоо жана алардын добуш берүүгө катышуусу боюнча БШК менен МККнын объективдүү маалыматтарын изилдөө аталган талапкердин энесинин 3-кичи райондогу батирине 111 адам катталып, алардын 46сы 11-апрелдеги добуш берүүгө катышкан. Мында Токмок шаарынын ички иштер органдары тараптан териштирүүнүн жүрүшүндө талапкер мурда ал Жогорку Кеңешке шайлоодо талапкер болуп саналган «Биримдик» партиясынын штабынын көрсөтмөсү боюнча шайлоого катыштыруу максатында аталган жарандар катталганын мойнуна алды.

Катталган жарандар иш жүзүндө Токмокко жакын жайгашкан айылдарда жашайт жана Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү катары шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга укуксуз болушкан.

Бул өңүттө, анын ичинде талапкерлер менен партиялардын мыйзамсыз кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшкөн каттоо кызматынын кызматкелерине карата дагы териштирүү улантылууда.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү