2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси аталган шаарлардын баардык шайлоо участкаларында илинди

09 июля 2021

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык ар бир шайлоо комиссиясы боюнча түзүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмеси шайлоочулар баардык шайлоо участкаларында жана илинди жана шайлоочулардын “Тизме” - tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине 617 517 шайлоочу киргизилди. Бишкек АШК боюнча – 426 699 (69%) шайлоочу, анын ичинде: Ош АШК боюнча – 152 718 (6%) шайлоочу,  Токмок АШК боюнча – 38 100 (25%) шайлоочу.

Ар бир шайлоочу өзү тууралуу маалыматтарды шайлоочулардын тизмесинен төмөнкүдөй тактай алат:

  • шайлоочулардын Тизме” – https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталынан;
  • өз шайлоо участогунан;
  • 1255 жана 119 номурлары боюнча чалуу менен же паспортто көрсөтүлгөн өзүнүн ПИН-номурун көрсөтүп, 119 номуруна СМС жөнөтүү (чалуу жана  СМС акысыз) менен шайлоочу өз шайлоо участогунун номурун жана дарегин алат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө  ылайык шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

2021-жылдын 11-июлундагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине киргизилген шайлоочулар катыша алышат.

Шаардык кеңештердин депутаттары үчүн добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн добуш берүү менен ишке ашырылат, орундар шайлоочулардын 7%дан ашык добушун алган саясий партиялардын ортосунда шайлоочулардын добушунун санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

 

МААНИЛҮҮ: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 18 жашка толгон жана андан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жергиликтүү жамааттын – шаардын мүчөсү болуп саналган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги (же болбосо 2017-жылдын үлгүсүндөгү eiD-паспортундагы чиптеги жазуу) менен аныкталат.

Жашаган жерин каттоонун актуалдуу дареги паспорттогу жашаган жердин чипте көрсөтүлгөн дарегине/жазууга дал келүүсү маанилүү.

 

2015-ж. тартып 2021-жылга чейин Бишкек, Ош, Токмоктогу шайлоочулардын санынын динамикасы тууралуу маалымат

 

Регион / АШКнын аталышы

Участоктук  шайлоо  комиссияларынын саны

04.10.2015 КР ЖКга шайлоо

11.12.2016 КР жерг. кеңештерге шайлоо

15.10.2017 КР Президентин шайлоо

04.10.202 КР ЖКга шайлоо

10.01.2021 КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо

11.04.2021 КР жерг. кеңештерге шайлоо

11.07.2021 дайындалган шаардык. кеңештерге кайталап шайлоо

%

3 шаар боюнча бардыгы

326

529565

455831

620443

716301

606609

610149

617517

100%

Бишкек шаары

228

368194

309580

426722

497692

416123

419901

426 699

69%

Ош шаары

78

133388

117752

159348

179972

151115

151671

152 718

6%

Чүй облусу, Токмок шаары

20

27983

28499

34373

38637

39371

38577

38 100

25%

 

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү