КР БШК шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти

25 июня 2021

КР БШК шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо
бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2020-жылдын 25-июнунда 2021-жылдын 11-июлна
дайындалган шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо
бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитүү жана добуш
берүү үчүн бюллетендерди “Учкун” ААКсында даярдоону ишке ашыруу
жөнүндө токтом кылды.
Токтом “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо
комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
77-беренесине ылайык, “Бекем отчеттуулуктагы документтерди даярдоо
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-
сентябрындагы № 540 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-
октябрындагы №163 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын
шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана
добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби
жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү