КР БШК Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады

25 июня 2021

КР БШК Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт
башчысын кайталап шайлоону дайындады

КР БШК 2021-жылдын 25-июнунда Ош облусунун Алай районунун
Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады.
2021-жылдын 25-июнуна дайындалган Ош облусунун Алай районунун
Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо талапкерлер айылдык
кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына
байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын
кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайталап шайлоону
2021-жылдын 9-июлунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө
чейин өткөрүлөт.
Алай аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому
менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен
өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
 
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү