КР БШК Көк-Жаңгак, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти

17 июня 2021

 

2021-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-июнунда өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Ноокен районунун Кочкор-Ата, 2021-жылдын 11-июнунда өткөн Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти.

Умаров Нурланбек Эшматович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланды;

Замирбеков Баяман Замирбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэри болуп шайланды;

Жумаев Алтынбек Токтомуратович Жалал-Абад облусунуноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп шайланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү