КР БШК: 17-июндан 21-июнга чейин атайын минибустар кыргызстандыктарга биометриядан  өтүүгө жардамдашат

17 июня 2021

Биометрикалык каттоо шайлоодо шайлоочулардын добуштарын анык саноону камсыздоонун чечүүчү бөлүгү болуп саналат. Биометрикалык каттоонун бар болушу шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз катары кызмат кылат.

Учурда шайлоочулардын тизмесине 3 606 201 шайлоочу  киргизилген. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин кеңейтүү жана жаңылоо боюнча тынымсыз иш жүргүзүүдө.

Атап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо алдында Борбордук шайлоо комиссиясы БУУӨПтүн жана Япония Өкмөтүнүн колдоосу астында Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча алгач ирет өнөктүк өткөрдү.

Керектүү техникалык жабдыктар менен жабдылган атайын микроавтобустар республиканын шаарларын, айылдарын кыдырышты. 3-марттан 20-мартка чейин б.а. минибустар иштеген 17 күн ичинде 3000дан ашык адам жер-жерлерде көчмө документтештирүү кызмат көрсөтүүсүн пайдаланышты. 2329 жаран биометрикалык каттоодон өттү, 585и каттоосун тариздешти жана 183 адам паспортторун алмаштырышты.

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоонун алдында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча өнөктүк кайрадан жаңыланды.

2021-жылдын 17-июнунан 21-июнуна чейин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында атайын микроавтобустар кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын кайрадан кабыл ала башташат. Ошол эле жерде жарандар жашаган жери боюнча каттоого турса жана паспортту алмаштырса болот.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү