Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек АШКнын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ

17 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгы менен Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалды.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

Мындан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоо дайындалган учурдан тартып төмөнкүчө шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынат:

  • шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө, же болбосо таратууга;
  • шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга;
  • товарларды жеңилдетилген шартта сатууга;
  • кандай болбосун товарларды акысыз таратууга (саясий партиянын символикасын, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо);
  • акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүгө.

Ошондой эле “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.

Мындан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгүндө төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылары белгиленген:

  • тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
  • талапкерлердин, саясий партиялардын бирине артыкчылык берүүнү билдирүү;
  • талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо;
  • алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин иши жөнүндө маалыматтарды таратуу.

Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларды, ошондой эле келечектеги талапкерлерди жогоруда аталган Мыйзам белгилеген ченемдерди бузуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келүүчү аракеттерге, анын ичинде социалдык түйүндөр аркылуу басма, укма-көрмө ж.б. материалдарды таратуу түрүндө мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө жол бербөөгө чакырат.