2021-жылы 14-июнда болуп өткөн кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө маалымат
14 июня 2021
2021-жылы 14-июнда болуп өткөн кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө маалымат
2021-жылы 14-июнда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок, Кара-Бүргөн, Нарын районунун Сары-Ой, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Грозный, Күнтуу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайку, Өзгөн районунун Төрт-Көл, Куршаб, Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Нарын облусу боюнча:
Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна БоталиевТаалайбек Эсенгулович шайланды;
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Русланов Кудайберген Русланович шайланды;
Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Кошалиев Бакытбек Сейтекович шайланды.
Чүй облусу боюнча:
Аламүдүн районунун Грозный айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Джумалиев Тимур Болотович шайланды;
Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Джумалиев Бактияр Азаматович шайланды.
Ош облусу боюнча:
Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Абдилазиз уулу Бактыбек шайланды;
Кара-Кулжа районунун Алайку айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Эргешбаев Бактыбек Абдылдаевич шайланды;
Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Эсенбаев Өзгөнбай Аттокурович шайланды;
Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Келдибаев Сантай Аширалиевич шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
