2021-жылы 13-июнда болуп өткөн айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө маалымат

13 июня 2021

2021-жылы 13-июнда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Энилчек, Жети-Өгүз районунун Ысык-Көл, Ысык-Көл районунун Кумбел, Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Орок, Талас районунун Айдаралиев, Осмонкулов айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Ысык-Көл облусу боюнча:

Ак-Суу районунун Энилчек айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Усубакунов Бактыбек Асанович шайланды;

Жети-Өгүз районунун Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Рыскулов Токтосун Темирбекович шайланды;

Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Арыкпаев Алмаз Сыртбайевич шайланды.

Нарын облусу боюнча:

Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Садыков Болот Анварбекович шайланды.

Талас облусу боюнча:

Бакай-Ата районунун Орок айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Айтбаев Джидебек Бейшенович шайланды;

Талас районунун Осмонкулов айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Озубеков Жузур Жылкычиевич шайланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү