КР БШК Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады

11 июня 2021

КР БШК Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт
башчысын кайталап шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 11-июнундагы жыйналышында
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчыларын
шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Ош облусунун Алай районунун
Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү
“баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине
байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын
кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-
июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин
өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  шайлоо
комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-
беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине,  Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын 2017-
жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт
башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Алай аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому
менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен
өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
 
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү