Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак жана Майлуу-Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү
11 июня 2021
2021-жылы 11-июнда Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак жана Майлуу-Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү.
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы көрсөткөн Акумбаева Мээрим Рысбековна, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн Замирбеков Баяман Замирбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Замирбеков Баяман Замирбекович Көк-Жаңгак шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Майлуу-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы көрсөткөн Колдаров Раушанбек Абдимиталипович, “Ынтымак” фракциясы көрсөткөн Умаров Нурлан Эшмаматович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Умаров Нурлан Эшмаматович Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 31 депутатынын 21и добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
