Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды
10 июня 2021
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бирок депутаттардын көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Кажыбеков Адилет Кажыбекович катталган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
