Кант, Өзгөн, Кочкор-Ата жана Талас шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү
10 июня 2021
2021-жылы 10-июнда Чүй облусунун Кант, Ош облусунун жана облусунун Өзгөн, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата, Талас облусунун Талас шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү.
Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэринин кызмат ордуна “Бирге”, “Улуу-Журт”, “Республика” көпчүлүк коалициясынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Майлибашев Улан Бекболотович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Майлибашев Улан Бекболотович Кант шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Кант шаардык кеңешинин 31 депутатынын 29у добуш беришти.
Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэринин кызмат ордуна Өзгөн шаардык кеңеши көрсөткөн 3 талапкер – Джалилов Адамжан Абдуллажанович, Каримов Кадырбек Токтасынович, Калматов Мухтаржан Маматжанович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Каримов Кадырбек Токтасынович Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Өзгөн шаардык кеңешинин 31 депутатынын 17си добуш беришти.
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын мэринин кызмат ордуна “Ырыс алды ынтымак” фракциясы көрсөткөн 1 талапкер – Жумаев Алтынбек Токтомуратович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жумаев Алтынбек Токтомуратович Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти.
Талас облусунун Талас шаарынын мэринин кызмат ордуна “Ырыс алды ынтымак” фракциясы көрсөткөн 2 талапкер – “Республика” фракциясы көрсөткөн Жусупбеков Адылбек Доолотбекович, “Асыл Мурас Жаштар” фракциясы көрсөткөн Шабданов Аскар Адылбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шабданов Аскар Адылбекович Талас шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Талас шаардык кеңешинин 31 депутатынын 23ү добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
