Баткен облусунун 2 айыл өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү
09 июня 2021
2021-жылдын 9-июнунда Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Кадамжай районунун Совет айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Лейлек айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жоробек уулу Жыргалбек, Матмуратов Алимбек Миталипович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Матмуратов Алимбек Миталипович Лейлек айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Лейлек айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Совет айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Осмонова Галбу Акушовна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Осмонова Галбу Акушовна Совет айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Совет айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
