Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09 июня 2021
2021-жылдын 9-июнунда Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө, Семиз-Бел, Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Жумгал районунун Миң-Куш, Кабак, Ат-Башы районунун Кара-Суу, Ак-Муз, Нарын районунун Эмгекчил, Казан-Куйган айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Талантбек уулу Талгар катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Талантбек уулу Талгар Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кош-Дөбө айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Бейшенбеков Бакыт Турсунбекович, Акишов Бурканбек Карыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Акишов Бурканбек Карыбекович Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Семиз-Бел айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич, Айтманбетов Уланбек Билалович, Ниязакунов Эралы Махмутказиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Айтманбетов Уланбек Билалович Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Талап айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү.
Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Алманбетов Канат Джакупович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алманбетов Канат Джакупович Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Миң-Куш айылдык кеңешинин 10 депутатынын баардыгы добуш беришти.
Кабак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жолдошбеков Жанатбек Жолдошбекович, Качкын уулу Эрлан катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Качкын уулу Эрлан Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кабак айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 9у добуш беришти.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Мамытов Бактыбек Кемелбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мамытов Бактыбек Кемелбекович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Суу айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы добуш беришти.
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Досоева Айзат Тураровна, Иса уулу Нурланбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Иса уулу Нурланбек Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Муз айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 9у добуш беришти.
Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Бектуров Алтынбек Жунусович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бектуров Алтынбек Жунусович Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Эмгекчил айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти.
Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Ырысбек уулу Элдар, Мабеткулов Чынгыз Майрамбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мабеткулов Чынгыз Майрамбекович Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Казан-Куйган айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 9у добуш беришти.
