КР БШК Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

09 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 9-июнундагы жыйналышында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.

2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысын шайлоодо катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.

2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөт башчысын шайлоодо катталган эки талапкер депутаттардын бирдей сандагы добуштарын алгандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 23-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү