Баткен облусунун Бирлик айыл өкмөт башчысын шайлоо  болуп өттү

08 июня 2021

2021-жылдын 8-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөт башчысын шайлоо  болуп өттү.

Бирлик айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Маканбаев Жеенбек Абдирасулович, Максымов Асанбек Чакмакевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Маканбаев Жеенбек Абдирасулович Бирлик айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бирлик айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү