Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо  болуп өттү

07 июня 2021

2021-жылдын 7-июнунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо  болуп өттү.

 Балыкчы шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер «Өнүгүү- Прогресс» фракциясынан көрсөтүлгөн Сыдыков Аманат Калыбекович, «Табылга» фракциясынан көрсөтүлгөн Мергенбаев Талантбек  Саламатович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сыдыков Аманат Калыбекович Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Балыкчы шаардык кеңешинин 31 депутатынын 23ү добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү