Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

07 июня 2021

2021-жылдын 7-июнунда Ош облусунун Алай районунун Жошолу, Корул, Ноокат районунун Найман, Кулатов, Өзгөн районунун Жазы, Кызыл-Тоо, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Абдырахманов Туратбек, Орозбай уулу Жеңишбек, Торошев Каныбек Сабирович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Орозбай уулу Жеңишбек Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жошолу айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Оморов Залкарбек Торонбекович, Турганбаев Мустафа Жанибекович, Жороев Абазбек Алтынович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Турганбаев Мустафа Жанибекович Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Корул айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы добуш беришти.

Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Шамаева Розакан Абдурахмановна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шамаева Розакан Абдурахмановна Найман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Найман айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Көчкөнов Данияр Абдыразакович, Маткаримов Курсанали Маматалиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Көчкөнов Данияр Абдыразакович Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кулатов айылдык кеңешинин бардык 31 депутатынын 30у добуш беришти.

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Балтабаев Абдинаби Жакыпович, Жолоев Аватбек Идирисович, Мамбетов Толкунбек Абдулажанович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жолоев Аватбек Идирисович Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жазы айылдык кеңешинин бардык 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдыкадыров Суйунбек Осмонович, Эшимбетов Жылдызбек Рахманжанович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдыкадыров Суйунбек Осмонович Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин бардык 21 депутатынын 14ү добуш беришти.

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими жана айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Камбаров Мунарбек Ураимович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Камбаров Мунарбек Ураимович Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кызыл-Суу айылдык кеңешинин бардык 11 депутатынын 9у добуш беришти.

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Исаев Талантбек Абдыгапарович, Абдибаитов Рысбек Турдалиевич, Байматов Талант Ташполотович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Исаев Талантбек Абдыгапарович Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Арык айылдык кеңешинин бардык 21 депутатынын 17си добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү