Нарын облусунун 2 айыл өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү

07 июня 2021

2021-жылдын 7-июнунда Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык, Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Кармышаков Төлөбай Эсенканович, Тажиев Руслан Кенжебекович, Молдобазаров Руслан Камчыбекович, Кадыров Бердибек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кармышаков Төлөбай Эсенканович Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 11 депутатынын 8и добуш беришти.

Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Букарбеков Рыскелди Докторбекович, Сабырбек уулу Калысбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сабырбек уулу Калысбек Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Түгөл-Сай айылдык кеңешинин 11 депутатынын катышкан 7өө добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү