Баткен облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
06 июня 2021
2021-жылдын 6-июнунда Баткеноблусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон, Чаувай, Лейлекрайонунун Ак-Суу, Сумбулайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдрахманов Ахматжон Турсунович, Халилов МуроджонАбдунабиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдрахманов Ахматжон Турсунович Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Үч-Коргон айылдык кеңешинин 31 депутатынын катышкан 19у добуш беришти.
Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Назаров Нурбек Идирисович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Назаров Нурбек Идирисович Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чаувай айылдык кеңешинин баардык 11 депутатыдобуш беришти.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Касымов Жаргалбек Кудайкулович, Кудаяров Рустамбек Жаныбекович, Шамуратов Уланбек Орозбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кудаяров Рустамбек Жаныбекович Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Суу айылдык кеңешинин 21 депутатынын баардыкдепутаттары добуш беришти.
Сумбул айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Аликулов Эшбай Курсанбаевич, Жороев Эмилбек Мукатаралиевич, Нурдинбай Сарынжы Султанкулович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жороев Эмилбек Мукатаралиевич Сумбул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сумбул айылдык кеңешинин 21 депутатынын баардык депутаттары добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
