Чүй облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
05 июня 2021
2021-жылдын 5-июнунда Чүй облусунун Кеминрайонунун Ильичевка, Ак-Түз, ЖайылрайонунунСары-Коо, Степное,СокулукрайонунунВоенно-Антоновка, Жаңы-Жер,Москва районунун Беш-Терекайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Ильичевка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Жетенбаев Кайрат Рахимбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жетенбаев Кайрат РахимбаевичИльичевка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ильичевка айылдык кеңешинин баардык 11 депутатыдобуш беришти.
Ак-Түз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Турдубеков Анвар Джумабудунович, Донобаев Эмильжан Кедейбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Турдубеков Анвар Джумабудунович Ак-Түз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Түз айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 9у добуш беришти.
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Баков Айбек Калыгулович, Кунтубаев Рахат Эсенбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кунтубаев Рахат Эсенбекович Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сары-Коо айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 8и добуш беришти.
Степное айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Насыркулов Аскат Адылбековичкатталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Насыркулов Аскат Адылбекович Степное айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Степное айылдык кеңешинин баардык 11 депутатыдобуш беришти.
Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Молдокулов Азамат Антонбекович, Садыков Расул Торокелдиевичкатталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Садыков Расул Торокелдиевич Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 31 депутатынын 19удобуш беришти.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Жекшенов Мирлан Ратымбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жекшенов Мирлан Ратымбекович Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18идобуш беришти.
Беш-Терекайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Дубанаев Алмазбек Джылкыбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Дубанаев Алмазбек ДжылкыбаевичБеш-Терекайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Беш-Терекайылдык кеңешинин катышкан баардык 21 депутатыдобуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
