2021-ж. 4-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун кун тартибинин долбоору

04 июня 2021

Өткөрүү датасы:4- июнь 2021-ж

Убактысы:17:30

Өткөрүлүүчү жери:отурумдар залы

1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай, Ноокен районунун Арал, Токтогул районунун А.Суеркулов, Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

2.Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

3. Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу

(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

4. 2021-жылдын 11-июлунда дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)

5. Ар кандай маселелер