Пакистан шайлоодо заманбап технологияларды пайдалануудагы Кыргыз Республикасынын тажрыйбасына кызыгууда

04 июня 2021

2021-жылдын 2-июнунда Пакистандын Кыргызстандагы Элчиси С.Азхар Тарик Кхан менен жолугушуунун алкагында кыргыз тараптын шайлоочуларды иденттештирүү үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануудагы, шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн натыйжаларын БШКнын Интернет-ресурстарына жайгаштыруу үчүн автоматтык эсептөөчү урналарды (АЭУ) колдонуудагы тажрыйбасын үйрөнүүдө Пакистан тараптын кызыккандыгы айтылды.

БШК төрагасы 2015-жылдан тартып колдонулуп келаткан, 2 бөлүктөн –биометрикалык иденттештирүү жана добуштарды автоматтык түрдө саноо бөлүктөрүнөн турган Кыргызстандагы шайлоо тутуму жөнүндө кеңири айтып берди. БШКнын IT адистери шайлоодо жана референдумда колдонулуучу жабдыктардын топтомун, ошондой эле маалыматтык-шайлоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн, АЭУдан маалыматтарды алууну, маалыматтык коопсуздукту камсыздоону, маалыматтарды сактоону, добуш берүүнүн жүрүшүнүн жана алдын ала натыйжалардын чагылдырылышын көрсөтүштү, кызыктырган суроолорго жооп беришти.

“Шайлоо моделин, технологияларды тандоо өлкө каалаган милдеттерге жараша болот. 2011-жылга чейин Кыргызстан шайлоонун  натыйжаларын бурмалоолорго байланышкан эки революцияны башынан кечирди. Ошондуктан бурмалоо мүмкүнчүлүгүн болтурбай коюуга өбөлгө түзгөн шайлоо технологиясынын модели тандалды. 15 жылдан бери биз шайлоодон кийин биринчи жолу таңды тынч атырдык.

Бирок шайлоо процесси дайыма өркүндөтүлүп турууга тийиш. Реформанын жүрүшүндө добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноодо жана процесстин айкындуулугунда жетишилген ийгиликтерге карабастан, 2020-жылы октябрда парламентти  шайлоодо талапкерлердин шайлоочуларды сатып алуусунун жогорку деңгээлине жана администрациялык ресурстарды колдонууга эл кыжырланды”, - деп белгиледи БШК төрагасы.

Өз кезегинде Пакистандын Элчиси Кыргызстан шайлоо процессинде заманбап жаңы технологияларды колдонуп жатканын, 2020-2021-жылдары өткөн  шайлоолордо жана референдумдарда Пакистандын эл аралык байкоочуларынын катышуусунун жыйынтыктары боюнча Пакистандын Премьер-министри Кыргызстандын шайлоо тутумуна жана тажрыйбасына кызыккандыгын белгиледи.

“Биз шайлоо процессинде шайлоого ишеним арттырууга көмөктөшүүчү, ошол эле учурда шайлоочулар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү болгон заманбап жаңы технологияларды Пакистанда жайылтууга кызыкдарбыз. Салтка айланган бюллетень аркылуу добуш берүүнү айкалыштыруу мүмкүн болгондуктан, жабдыктарды колдонуунун жөнөкөйлүгүнөн жана анын ишенимдүүлүгүнөн улам, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарын АЭУ аркылуу санап, ыкчам жарыялоонун   айкындуулугу камсыздалгандыктан Кыргызстанда колдонулган технологияларды Пакистанда толук пайдаланууга болот”, - деп белгиледи Элчи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн шайлоо органдары Кыргызстандын шайлоо тутумунун тажрыйбасын үйрөнүү үчүн эки тараптуу кеңешүүлөрдү өткөрөрү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Кыргыз тарап БУУӨП долбоорунун алкагында үстүбүздөгү жылдын июнь айынын соңунда Кыргызстанда колдонулган технологиялар менен жеринде таанышуу үчүн Афганистан БШКсынын өкүлдөрүнүн тобунун келүүсү күтүлүп жаткандыгы тууралуу дагы маалымат берди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү