Чүй облусунун 2 айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
03 июня 2021
2021-жылдын 3-июнунда Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон, Алмалу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Мамадалиев Эмиль Сраилович, Абдрахманов Анвар Шералиевич, Иманов Руслан Асанбекович катталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдрахманов Анвар Шералиевич Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чым-Коргон айылдык кеңешинин 11 депутатынын 6 депутаты добуш беришти.
Алмалу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Шакиров Улан Бообекович катталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шакиров Улан Бообекович Алмалу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Алмалу айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
